Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Бишкекте балдардын угуу жөндөмү акысыз текшерилип жатат


Бишкектеги акциянын алкагында текшерүү учуру.
Бишкектеги акциянын алкагында текшерүү учуру.

4-март - Угуу саламаттыгы боюнча эл аралык күнгө карата Бишкекте жаш балдардын угуу жөндөмүн текшерүү акциясы өтүп жатат. «Мединкус» угуу жана өнүгүү борбору уюштурган акцияга ондогон балдар барып, акысыз көрүнүүдө.

Тубаса дүлөй болуп төрөлгөндөргө кохлеардык имплант тагуу операциялары Кыргызстанда сейрек жасалгандыктан, бейтаптардын көбү чет өлкөгө барууга мажбур.

Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, өлкөдө жылына жүздөй бала тубаса укпай төрөлүп жатат. Буга бузулган экология, эненин организминдеги жугуштуу оорулар себеп болууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG