Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

Мирзиёев салмагы ашыкча милицияны сындады


Ташкент шаарындагы шайлоо бекетинин алдында турган милиция кызматкерлери, 29-март, 2015-жыл.
Ташкент шаарындагы шайлоо бекетинин алдында турган милиция кызматкерлери, 29-март, 2015-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев милиция кызматкерлери арыкташы керек деген пикирин айтты. Коңшу мамлекеттин башчысы мындай оюн Наманган облусунун бийлиги, активисттери жана жаштары менен жолугуп жатып билдирди. “Бизге салмагы ашыкча офицер, тартип коргоочунун кереги жок. Алар кантип кылмышкерлерди кармашат? Спорт менен машыгышсын. Биз аларга үч же алты ай убакыт беребиз” - деген президенттин сөзүн Daryo.uz сайтты жазды.

2019-жылы Германиядагы Йен университети жүргүзгөн иликтөөдө туура эмес тамактануудан көз жумган жарандардын саны боюнча Өзбекстан ондогон мамлекеттин сап башына чыккан. Ал иликтөөгө ылайык, Өзбекстанда жыл сайын туура эмес тамактануунун кесептинен келип чыккан жүрөк-кан тамыр ооруларынан 65 миң киши көз жумат.

XS
SM
MD
LG