Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Камактагы Мэн Ваньчжоу Канада өкмөтүн сотко берди


Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.
Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.

АКШнын суранычы менен Канадада кармалган кытайлык «Huawei» компаниясынын финансылык директору Мэн Ваньчжоу Канада өкмөтүн сотко берди. Мэн Ваньчжоу аны кармоодо конституциялык укуктары бузулганын айтып, Оттавадан кенемте талап кылып жатканын «Politico» сайты жазды.

Былтыр 1-декабрда кармалган Мэн Ваньчжоу Кошмо Штаттар Иранга каршы киргизилген «санкцияларды бузган» деп айыпталып жатат. «Huawei» компаниясы бул дооматтардын баарын четке кагып келет.

Оттава «Huaweiдин» негиздөөчүсүнүн кызын Вашингтонго экстрадициялоого даяр экенин 1-мартта билдирген. Анын ишин Канаданын Жогорку соту 6-мартта карайт.

Кытайдын ири компаниясынын башкаруучусунун Канадада камакка алынышын расмий Бээжин айыптап, бул өлкөнүн бийлигин Мэн Ваньчжоуну дароо бошотууга чакырган.

Вашингтон бул компания Кытай бийлигинин пайдасына «жашыруун тыңчылык кылат» деп да шек санайт.

XS
SM
MD
LG