Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Киши уурдоого шектүү депутат үй камагына алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бизнес талаштан улам Бишкекте бир адамды күчтөп, автоунаага салып кетип, жабыла токмоктогон чатак боюнча иш кайрадан карала баштады.

Адам уурдоого шек саналгандар арасында Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты да бар. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, былтыр сентябрь айында болгон бул чатактан кийин жабырлануучу милицияга кайрылган. Бирок көп өтпөй кайра арызын алып койгон.

Жаңы Жазык кодекси ишке киргенден кийин, февраль айынын ортосунда жабырлануучу кайра милицияга кайрылып, өткөн күздө өзүнө күч колдонгон адамдарга каршы арыз жазган. Анын арызы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266-берене («Ээнбаштык») боюнча иликтеп-тергөө иштери башталган. Натыйжада адам уурдап, токмоктоо боюнча шектүүлөр Баткенде жүргөнү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери эки кишини Лейлек районунан кармап келишкен. Алардын бири жергиликтүү кеңештин депутаты. Жакынкы күндөрү Свердлов райондук соту аларды тергөө иштери аягына чыкканча үй камагына алды.(MdN)

XS
SM
MD
LG