Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:15

Иса Өмүркулов: Атамбаевдин ордуна барайын деген оюм жок


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери Иса Өмүркулов Алмазбек Атамбаевдин ордун талашып, партия лидери болуу оюнда жок экенин билдирди. Бул тууралуу саясатчы партиянын тегерегиндеги талаш-тартыш, апрелде өтчү курултай тууралуу ВВС радиосундагы маегинде билдирди. Ал Атамбаевди партиядан четтетип коюуга мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок андай маселе коюлбаганын билдирди:

- Маселени андай өңүттө койгон да туура эмес болот. Курултайга келип жасаган ишинин отчетун берсин. Партиянын катардагы мүчөлөрү, делагаттар колдосо иштей берсин. Анын ордун талашып, анын ордуна барайын деген оюм жок... Биз бүгүн баарын чогултуп жатабыз. КСДПнын жетекчисине жагабы, жакпайбы, баары курултайда ачык айтып, маселе ошол жерден чечилиши керек. Ошондон кийин партия тазаланды деп айтыш керек. Атамбаев менен кеткендер кетсин, калгандары эмне кылат өздөрү билет.

Өмүркулов 3-апрелге белгиленген курултайга 300 делегатка квота берилгенин кошумчалады.

Мунун алдында КСДПнын төрагасынын орун басары, депутат Ирина Карамушкина Иса Өмуркулов партиянын уставын бузганын айтып, курултай 6-апрелге белгиленгенин басма сөз жыйынында билдирген. Анда былтыр партиянын курамынан чыгарылган Өмүркуловдун курултай чакырууга укугу жок экени айтылды.

Буга чейин Карамушкина КСДП фракциясындагы депутаттар Алмазбек Атамбаевди жана Сооронбай Жээнбековду колдогондор болуп эки жаатка бөлүнүп калганын айтып, Атамбаев тараптагыларга кысым болуп жатканын билдирген. Партиянын дагы бир мүчөсү Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, бир нече жыйын өткөрдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG