Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Балыкчыда киши өлтүрүү боюнча шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну, мурда эки жолу соттолгон киши шектүү катары кармалган.

- Ал алгачкы сурак жүргүзгөн учурда күнөөсүн толук мойнуна алды, - деди милициянын өкүлү. - Кармалган шектүү адам Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Усубакуновдун маалыматы боюнча, шектүүнүн бөгөт чарасы 6-мартта Балыкчы шаардык сотунда каралат.

4-мартка оогон түнү саат 00.25 чамасында Балыкчыда бычак жеп жаракат алган эки адам ооруканага жеткирилген. Алардын бири ооруканада эсине келбей жатып көз жумган. Ал мойнунан жаракат алып, кан тамырлары кесилген. Экинчиси жандандыруу бөлүмүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын оң жак капталына бычак сайылган.

Бул факты Балыкчы шаарынын милиция бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. (AsM)

XS
SM
MD
LG