Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Элеси эстен чыкпаган илимпоз жана педагог

Тарыхчы, агартуучу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Таабалды Мурзабеков (1948––1991) тууралуу сүрөт баян.

Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков (1948––1991) аз жашаса да, саз жашаган педагог окумуштуу эле.
Ал 1980-жылы тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын Кыргызстандын тарых илими үчүн жаңы багытта жактаган. Анын диссертациясынын темасы «Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын экономикалык, илимий, техникалык, маданий жактан кызматташтыгы» деп аталган.
Ал 1987-жылы (Казакстандагы 1986-жылдын 16-декабрындагы айтылуу "Желтоксон окуяларынан" көп узабай) советтик Кыргызстандагы “улутчулдукка каршы күрөш” өнөктүгү маалында Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы кызматынан жазыксыз жерден алынган.
Азыркы тапта анын ысымын Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы өзү туулуп-өскөн Кичи-Жаргылчак айылындагы орто мектеп алып жүрөт.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG