Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

Кыргызстандын элчилиги Москвадагы бала сатууну иликтөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык келин Москвада баласын сатууга аракет кылганы тууралуу маалыматты иликтөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” элчиликтин расмий өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Орусиянын маалымат каражаттары 1 миллион рублга ымыркайын сатканы жаткан 23 жаштагы кыргызстандык келин кармалганын жазышкан. Маалыматтарга караганда, келин баласын асырап ала турган ата-эне издеп жатканын социалдык тармактарга жазган. Ал акчаны алып, ымыркайды кардарга берип жаткан жеринен 5-мартта колго түшкөнү айтылат. Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган.

Элчилик бул кабарды маалымат каражаттарынан укканын, учурда аны тактап жатышканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG