Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өтүүдө. Ага жүзгө чукул адам катышып жатканы айтылууда.
Алардын арасында саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Эдил Байсалов жана экс-депутат Асия Сасыкбаева бар.
Чогулгандар "Россия" кинотеатрынын жанынан баштап Курманжан Датканын айкелине чейин жөө барышат.
Тынчтык маршынын коопсуздугун камсыздоого милиция кызматкерлери да тартылган. Буга чейин социалдык тармактарда маршты өткөрүүгө каршы болгондор чагымчыл аракеттерди көрүшү ыктымал экендиги айтылган. (KR)