Америкалык ишкер Илон Масктын "SpaceX" компаниясы иштеп чыккан "Crew Dragon" кемеси Атлантика океанына, АКШнын Флорида штатындагы Канаверал кысыгынан 460 километр аралыкка конду. NASA "YouTube" каналында кеменин конушун түз көрсөттү.
Эл аралык космос станциясына бул менчик кеменин сапары ийгиликтүү болду деп айтылды.
«Crew Dragon» кемеси 2-мартта Канаверал кысыгындагы космодромдон абага көтөрүлүп, 3-мартта Орбитадагы Эл аралык космос станциясына конгон.
NASA "SpaceX" жана "Boeing" компанияларынын кемелери Эл аралык космос станциясына экипаж жеткирүүдө 1960-жылдарда иштелип чыккан орусиялык "Союз" кемелеринин ордун алмаштырат деп максат кылган. Бул сыноо иретиндеги учууда бортто экипаж болгон эмес. Астронавттардын ордуна Рипли деп аталган манекен отургузулган.
2011-жылы "Space Shuttle" программасы жабылгандан кийин NASA мекемесинде учуу үчүн космос кемелери калган эмес. Астронавттарды Эл аралык космос станциясына Орусиянын "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясы жеткирип келген.
"Crew Dragon" кемесинин астронавттар менен учуусу быйыл июлга белгиленип жатат.