Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Түркияда кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды


Стамбулдагы көргөзмөгө катышып жаткан кыргызстандыктар

Түркиянын Стамбул шаарында 8-мартта кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага Анара Искакова, Гүлчахра Токтосунова, Кайыргүл Казыбекова жана Камила Торогелдиеванын чыгармалары коюлду.

Кыргыз сүрөтчүлөрдүн кийизден, айнектен жана курактан жасалган эмгектерине жергиликтүүлөрдү өзүнө тартып жатканын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.

Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдиги уюштурган көргөзмө түрк тилдүү мамлекеттердеги чыгармачыл аялдарга колдоо көрсөтүү жана алардын чыгармаларын дүйнөгө таанытуу максатын көздөйт.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата ачылган иш-чарага Азербайжан, Өзбекстан, Тажикистан, Казакстан, Башкырстан жана Түркиядан дагы чыгармалар коюлган. Көргөзмө Таксим көркөм-өнөр галереясында 16-мартка чейин уланат. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG