Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:51

10-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Ош, Жылуу-Суу өрөөнү

10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында бир аз кар жаайт. Түндө Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11,

Баткен жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсун 0...-5, күндуз 3...8,

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түндө 0…2, күндүз 9…11 градус болот.

XS
SM
MD
LG