Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Кытайдагы казактарга болушкан активист кармалды


Серикжан Биляш

Казакстанда “Атажурт” кыймылынын жетекчиси Серикжан Биляш кармалды. Ал Кытайда куугунтукка кабылган казактардын таламын талашып келген.

Кыймылдын өкүлү Кайрат Байтолланын айтымында, Биляшты 10-мартка оогон түнү Алматыдан кармап, Астанага алып барышкан.

“Таң эрте Серикжан биз менен байланышып, азербайжан жана татар элинин маданий бирикмесинин жыйынындагы сөзүн кимдир бирөө башка мааниде кабыл алып, полицияга кайрылганын айтты. Аны ошол арыздын негизинде кармашкан. Прокурордун санкциясы болгон эмес. Адамдарды ушинтип да коркутууга болобу?” дейт Байтолла.

Астанадагы полиция департаменти Биляш “социалдык жана улуттук жаңжал чыгарууга” шектелип жатканын ырастады. Башка маалымат берилген жок.

Февралдын башында Алматы район аралык соту Серикжан Биляшты "катталбаган уюмду башкарган" деп 252 миң теңге айыпка жыккан эле.

2017-жылы уюшулган “Атажурт” коомдук кыймылы Кытайдагы казактардын укуктары бузулуп, куугунтукка алынып жатканы тууралуу байма-бай кабарлап, Шиңжаңда кармалгандардын ага-туугандарынын арыз-армандуу видео-сүрөттөрүн жарыялап келет.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG