Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Финляндиядагы мелдеште алтын медалга ээ болду. Хелсинки шаарында өткөн мелдеште Үсөналиев финалда казакстандык Азат Махметов менен беттешти. Натыйжада кыргызстандык боксчу упайлардын айырмасы менен жеңүүчү болуп табылды.
28 жаштагы мушкер Азат Үсөналиев 52 килограммга чейин салмакта рингге чыгат. Ал өлкөдөгү бокс боюнча Азиянын жалгыз чемпиону. Үсөналиев буга чейин бир нече эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. (BkA)