Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Саясий негизде соттолгондорду актоо маселеси талкууланат


Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Бектур Асанов. Иллюстрациялык коллаж.

Бишкекте саясий негизде соттолгондорду актоо демилгелери талкууланат. Аны «Саясий туткундарды коргоо комитети» аттуу уюм уюштурууда. Талкууга буга чейин абактан чыккан саясатчылар, укук коргоочулар катышат. Анда мурдагы бийлик учурунда саясий негизде соттолгон адамдарды актоо боюнча бийлик өкүлдөрүнө, коомчулукка кайрылуу жиберилет.

Комитет ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30га чукул экенин эсептеп жатат. Өткөн жумаларда бул тизмеге кирген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Ошол эле айрым күчтөр саясий негизде кесилген деп эсептеген Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров учурда түрмөдө. Бул эки саясатчынын иши күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык апрель айында кайра карала турганы белгилүү болгон. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG