Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

«Коопсуз шаардын» экинчи фазасы эки жума кечигип иштейт


Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.
Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.

12-марттан тарта ишке ашат деп пландалган «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасы эки жума кечигип башталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» долбоорду ишке ашырып жаткан «Вега» концерни билдирди.

Мекеме иштин кармалып жатышын курулуш-монтаждоо жумуштарынын техникалык долбоорлорун макулдашуу кечеңдегени менен түшүндүрдү.

«Бишкек башкы архитектура» байланыш жана электр линияларын жердин асты менен алып өтүүнү сунуш кылган. Жагдайды талдоо учурунда аны ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүктөр жок экендиги аныкталган. Жолчырак жайгашкан жерлерде телефон кабелдери жок болуп чыккан.

Жол коопсуздугун камсыздоо мекемеси кабелдер жердин алдына көмүлсө асфальтты, тротуарларды, газондорду бузууга туура келерин билдирген. Мындан сырткары кыш мезгилде авариялык учурлардан башка жагдайда жер астында оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Натыйжада 26-февралда мамлекеттик органдар жана «Вега» кошо чечим кабыл алып коммуникациялык линияларды мамычалар аркылуу эле алып өтүүнү макулдашкан. Ошондон улам экинчи фаза 14 күнгө кечигип башталмак болду. Долбоордун үчүнчү-төртүнчү фазалары да кечигип ишке ашат.

12-февралда «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

12-мартта 11 кесилиште камералар иштеп баштамак. Төрт этапты камтыган долбоордо жалпы 38 кесилишке камералар коюлат. (ErN)

XS
SM
MD
LG