Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Жөөттөрдүн музейинде ок аткан киши өмүр бою абакка кесилди


Белгия полициясы Неммуштун соту болуп жаткан имаратты кайтарууда. 11-март, 2019-жыл.
Белгия полициясы Неммуштун соту болуп жаткан имаратты кайтарууда. 11-март, 2019-жыл.

Брюсселде 2014-жылы жөөттөрдүн музейинде ок аткан француз жараны Мехди Неммуш өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди. Белгиянын соту аны төрт кишинин өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапты. Адвокаттары өкүмгө каршы кийинки инстанциядагы сотто даттана турганын билдиришти.

Кылмышка байланыштуу франциялык дагы бир киши 15 жылга эркинен ажыратылды.

Неммуш 2014-жылдын 24-майында Брюсселдин борборундагы жөөттөр музейинде Калашников автоматынан ок аткан. Үч киши ошол жерде, дагы бир киши ооруканада каза тапкан. Неммуш алты күндөн кийин Франциянын түштүгүндө кармалып, Белгияга өткөрүлгөн.

Тергөөнүн маалыматына караганда, теги алжирдик Неммуш 2013-жылы Сирияга кетип, «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушуп жүргөн. Францияда ага Сирияда жүргөн кезинде франциялык төрт журналистти барымтага алууга катышы бар деген айып да тагылган.

Неммуштун шериги, француз жараны Насер Бендрер ушул сотто 15 жылга кесилди.

XS
SM
MD
LG