Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

КСДПнын курултайынын делегаттарын ИИМдин 10-бөлүмү текшерип жатканы кабарланууда


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 6-апрелге белгиленген курултайынын делегаттарын ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери телефон чалып, текшере баштады. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Жолдубаева ИИМ делегаттарга кысым көрсөтүү аркылуу КСДПнын курултайын үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатканын айтты.

Буга чейин КСДПнын катчылыгы партиянын аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогултуп жатканын кабарлаган.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул факт боюнча ички иликтөө иштери башталганын билдирген.

КСДП партиясынын катчылыгы буга чейин 6-апрелде Бишкекте партиянын республикалык курултайын өткөрөрүн жарыялаган. Ал арада «Атамбаевсиз КСДП» аттуу кыймыл да өз алдынча курултай чакырганын кабарлаган. (KR)

XS
SM
MD
LG