Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

«Кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуу маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеш «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуу маселесин талкуулайт.

2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргызстан менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик «кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алышы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет.

Буга чейин Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл биргелешип башкара турганы айтылган.

Оорукана 2016-жылдын июнь айында курула баштаган. Ал 2017-жылы иштей баштамак, бирок ушул күнгө чейин ачылбай турганы нааразылык жаратып келет. (KR)

XS
SM
MD
LG