Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды.
Депутаттар чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча тийиштүү мекемелердин маалыматын угуш үчүн аларды саат 11ге чакыртышты.
13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.
Жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркады. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын кабарлады. (RK)