Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялады. Бул тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Конвенцияны БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган. Кыргызстан ага 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган.
Анын максаты - майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Мекеме-ишканаларда, коомдук автоунаада майыптарга шарт жок болуп жатканы эл арасында сынга алынып жүрөт. (RK)