Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Ооганстан: мурдагы губернатор менен президентти жактаган полиция кагылышты 


Ооганстанда советтик армия менен согушкандардын мурдагы кол башчысы, Балх провинциясынын мурдагы губернатору Атто Мухаммади Нур «Associated Press» агенттиги менен баарлашууда. Москва, 8-февраль, 2019-жыл.
Ооганстанда советтик армия менен согушкандардын мурдагы кол башчысы, Балх провинциясынын мурдагы губернатору Атто Мухаммади Нур «Associated Press» агенттиги менен баарлашууда. Москва, 8-февраль, 2019-жыл.

Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында Балх провинциясынын мурдагы губернаторун колдогон полиция кызматкерлери ИИМ күчтөрү менен кагылышты. Мазари-Шариф - Балх провинциясынын борбору.

14-марттагы атышууга президент Ашраф Гани менен мурдагы губернатор Атто Мухаммади Нурдун ортосундагы пикир келишпестик себеп болгону айтылды. Атто Мухаммади Нур - Ооганстандагы тажиктерден чыккан мурдагы кол башчы. Анын жоокерлери провинция полициясынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт.

Мазари-Шарифтин ооруканасынын башчылары «​Азаттыктын» ооган кызматына атышууда кеминде 13 киши жаракат алып, ооруканага түшкөнүн, алардын сегизи полиция кызматкери экенин билдиришти. Бирок кимди колдогон полиция кызматкерлери жарадар болгону такталган жок.

«​Азаттыктын»​ Мазари-Шарифтеги кабарчысы кагылышуу 14-мартта аймактын полиция башчысы болуп дайындалган Абдул Ракиб Мобарес кызматына киришкенден кийин башталганын билдирди.

Президент Ашраф Ганинин жарлыгы менен дайындалган Мобарес Мазари-Шарифтин аэропортуна 14-мартта конуп, бирок полиция башкармалыгына жете алган эмес. Нуранын тарапкерлери аны аз убакыт өткөрбөй турушкан. ИИМ күчтөрүнүн жардамы менен Мобарес шаардагы полициянын башкы имаратына кирип, кызматын расмий түрдө аткара баштаганын жарыялаган.

Ошондон кийин шаарда атышуу башталган. Атто Мухаммад Нур провинциянын полиция башчылыгына өз кишисин дайындоону көздөп, буга жол берилишин талап кылып жатат. Ал 20-июлга белгиленген президенттик шайлоодо талапкер Мухаммад Ханиф Атмарды колдойт.

Нур Балх провинциясын 14 жыл жетектеп, 2018-жылы кызматтан кеткен. Президент Ашраф Ганинин аны кызматтан алуу тууралуу аракеттерин четке кагып, бирок былтыр мартта ордун тапшырууга макул болгон.

Атто Мухаммади Нур «Жамаат-и-Ислами» партиясындагы таасирдүү адамдардын бири. Аталган партия негизинен тажик азчылыгынын өкүлдөрүнөн чыккан аткаминерлерден, мурдагы талаа согушкерлеринен турат.

XS
SM
MD
LG