Быйыл 6-мартта Кыргызстанга Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Кристиан Жос жетектеген миссиясы иш сапары менен келген. Миссия 2019-жылдын 19-мартына чейин созулат. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылган.
ЭВФтин өкүлдөрү Кыргызстан үчүн консультацияларды өткөрөт.
11-12-мартта Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен ЭВФтин делегациясынын ортосунда жолугушуу болуп өттү. Алар келечектеги кызматташтык маселелерин талкуулашты.