Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:08

Баткен: Ак-Сай менен Көк-Таштагы балдарга, аялдарга жана кары-картаңдарга башпаанек берилип жатат (видео)


Ак-Сайдын тургундары. Баткен. 15-март, 2019-жыл.
Ак-Сайдын тургундары. Баткен. 15-март, 2019-жыл.

13-14-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилип, аларга башпаанек берилип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Анда айтылгандай, жашоочулар №57 кесиптик лицейге жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Алардын коопсуздугу Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен шаардык жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Шакировдун айтымында, кеминде 450дөй адам алынып келген. Ал ырастагандай, тургундардын бир топ бөлүгүн Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган алардын туугандары өз үйлөрүнө алып кетишти. (ErN)

XS
SM
MD
LG