Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамы уюштурулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу өкмөт Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын уюштурууну чечти.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, алгачкы каттам 16-мартта саат 13:00дө болот. Учуу аралыгы 30 мүнөт. Аны «Tez Jet» компаниясы аткарат.

Билет баасы 4 жашка чейинки балдарга бекер, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.

Аталган авиакаттам жумасына бир жолу (дүйшөмбү күнү) такай учуп турат. Андан тышкары, аптасына эки жолу - жума күнү да учуруу маселеси каралып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG