Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы тиреш токтобосо, башка жолду тандоого туура келет. Бул тууралуу аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, КСДПнын айланасындагы акыркы кырдаал аны аябай тынчсыздандырып жатат.
“Мен партия ичинде азыр араздашып жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылдым. Бирок майнап чыкпаганын көрүп жатам. Азыр эки күнгө партиянын курултайын белгилеп жатышат. Мен эки жыйынга тең барбайм. Партияда ички тиреш улана берсе, башкача жолду тандоого туура келет. Анткени мен башынан бери эле партиядагы ынтымакты сактоо боюнча аракет көрүп келгем. Бул аракетим текке кетишин каалабайм”, -деди Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков башка жол катары партиядан кетүү мүмкүн экенин четке каккан жок.
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясында акыркы бир жылда пикир келишпестиктер орун алган. Экс-президент Алмазбек Атамбаев партияга лидер катары келгенден тарта “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймыл түзүлүп, 3-апрелде өз алдынча курултай өткөрө турганын жарыялады. Ал эми Атамбаев башында турган партиянын активисттери бул кыймылдын артында учурда бийлик турарын жана курултайды 7-апрелде өткөрөрүн кабарлаган.