Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Көкбөрү: «Нооруз» турнири башталат


Көкбөрү.
Көкбөрү.

Бишкектеги «Аккула» ат майданында республикалык «Нооруз-2019» турниринин алкагында жогорку лигадагы командалардын оюндары башталат.

Кечээ өткөн чүчү кулакка ылайык бүгүн Талас облусунун «Ынтымак» жана «Бакубат Талас» командалары ойнойт. Ал эми экинчи оюнда «Четинди» жана «Көк-Жал» командалары беттешмекчи.

Быйылкы «Нооруз» турниринде Жогорку лигада алты команда күч сынашат. Чүчү кулакка ылайык «А» тайпасына «Ынтымак», «Бакубат-Талас», «Төш-Булак» командалары туш келсе, «В» тайпасына «Четинди», «Көк-Жал» жана «Достук» командалары кирди.

Оюндар бүгүн саат 13:00дө башталат. Финалдык беттештер 21-мартта өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG