Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:54

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Аксы окуясы эскерилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган бийлик өкүлдөрү, экс-президент Роза Отунбаева, саясатчы Абдыганы Эркебаев жана шаар тургундары катышты. Иш-чарада Аксы жана Апрель окуяларында окко учкандарга тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлду.

Мындан 17 жыл мурун болгон Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы учурда Аксы районунун Боспиек айылында да өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылар, жергиликтүү тургундар катышууда.

Ошол эле маалда Бишкектеги “Медиа Форум” ишканасынын жанында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын тарапкерлери митинг-реквием өткөрүп жатат. Ага Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары, саясий ишмерлер катышууда.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG