Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколдорду ачыкка чыгарыш керек


Камчыбек Ташиев активист Бактыяр Калпаев менен басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 19-март, 2019-жыл.
Камчыбек Ташиев активист Бактыяр Калпаев менен басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 19-март, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев Баткендеги кырдаал менен таанышып чыккандан кийин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал анда «кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку протоколдор тууралуу коомчулук билиши керек, ачык айтылышы керек» экенин айтты.

«Протоколдор сыр болбошу керек. Мындай документтер жабык болгон үчүн ушундай жаңжалдар чыгып жатат. Тажик тарапка тымызын өтүп кеткен жерлер бар. Мурда кыргыз тарап ээн-эркин өтүп жүргөн жерлерде азыр тажик жарандары жыш үй салып алган», - деди Ташиев басма сөз жыйынында.

Камчыбек Ташиев 14-мартта «Фейсбуктагы» баракчасында «бийлик мурдагыларга окшоп эле чек ара маселесин чече албайт» деп билдирүү тараткан. Сөзүн «Азаттыкка» ырастаган саясатчы өзү Баткенге барып, Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ойлорун айтты. Анда экс-депутат жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG