Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Тажикстан: Ак-Сай-Тамдык жолу мал айдоо үчүн гана колдонулат


Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен облусу. Сүрөт 2019-жылдын 15-мартында тартылган.
Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен облусу. Сүрөт 2019-жылдын 15-мартында тартылган.

Баткендеги чек ара чатагы боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрү беш күндүк сүйлөшүүдөн кийин мунаса пикир табышканын жарыялашты.

Эки тарап кол койгон протоколго ылайык, Кыргызстан Баткендеги Тажикстандын анклавын айланып өткөн Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун улантат. Тажикстан кыргыз айылдарын кыйгап өткөн Исфара-Сомониён-Ворух багытындагы жаңы жолун сала баштайт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялоо учурунда тажик вице-премьери Ак-Сай-Тамдык жолу жергиликтүүлөрдүн мал айдап өтүшү үчүн гана колдонулат деп билдирди.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсү 18-мартта аяктады. Анын жыйынтыгында чек арадагы чырга түрткү болгон Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун улантууга Дүйшөмбү макул болду. Өз кезегинде Кыргызстан Ак-Сай айылын айланып өткөн Исфара-Сомониён-Ворух жаңы жолун салуу тууралуу Тажикстандын сунушуна көндү.

Беш күнгө созулган сүйлөшүүдө делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим жетектеди. Разаков сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге протокол тууралуу учкай маалымат берди. Ал документте эки өлкөнүн кызыкчылыгы тең эске алынганына басым жасады.

"Биздин сүйлөшүү конструктивдүү маанайда өттү. Акыбалды түшүнүп жаттык. Ак-Сай, Ворух калкынын тынчтыкта жашоосу үчүн мүмкүн болушунча шарт түзүү керектигин талкууладык. Биринчи орунда эки өлкөнүн тең кызыкчылыгы тууралуу сөз болду. Биздин бирдиктүү чечим эки элдин ортосундагы тынчтыкка шарт түзөт. Эң башкысы - тажик тараптын да, кыргыз тараптын да кызыкчылыгы эске алынды. Биз түзгөн келишимге ылайык, биз бардык жолдордун курулушун улантабыз. Башкысы, өз ара түшүнүшүү тууралуу келишим болду".

Ал эми Тажикстандын вице-премьери Азим Иброхим документте Ак-Сай-Тамдык кара жолу жайлоого мал айдап өтүү үчүн колдонулат деп жазылганын билдирди.

"Курулуш боюнча айтсам, Кожо-Ало-Ак-Сай же Тожикон менен байланыштырган жолго 2019-жылдын ичинде асфальт төшөлөт. Бул жол Ворухта жашаган тажик жарандарына автоунаа болобу, жөө болобу коркпой-үркпөй өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дагы бир Ак-Сай багытындагы жолго да асфальт басылат. Дагы бир жол - Ак-Сай-Тамдык. Ал боюнча бизде эки тараптуу макулдашкан деталдар бар. Бул мал айдап өтө турган гана жол болот. Тактап айтканда, эл аталган кара жолду малды жайлоого жеткирүү үчүн колдонот. Айрым маалыматтарга караганда, 65 миң баш мал бар. Элдин көбү мал багып, тиричилик өткөрүп, киреше табат. Ошондуктан биз муну туура деп эсептейбиз. Жалпылап алганда ушундай келишим болду."

Кыргыз өкмөтү тажик тарап айткан маалыматтар тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Чек ара чырын кантип токтотобуз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:16 0:00

Азим Иброхимдин айтуусунда, аксайлыктар менен Ворух анклавынын эли бирдей пайдаланган жолдо мындан ары чек ара күзөттөрүн алып, аны кайтаруу милдетин эки өлкөнүн милиция кызматкерлерине жүктөө тууралуу макулдашылганын да кошумчалады. Ал эми эки жолдун курулушу бир убакытта, чогуу башталмай болду.

"Кийинки пунктта жалпы колдонуудагы жол болгону үчүн милициядан турган гана туруктуу патрул түзүү тууралуу жазылды. Ал жерде жалаң гана эки тараптан биргелешкен кайтаруу болот деген маанилүү сөз жазылды".​

Азим Иброхим сөз кылган Исфара-Ворух жолу Тажикстандын Ворух анклавын Согди облусунун Исфара району менен байланыштырат. Кыргызстандын Ак-Сай айылын аралап өткөндүктөн, аны эки тарап тең пайдаланып келген.

Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттөрү кол койгон протокол "Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу" деп аталат. Анда жол куруудан тышкары жаңжалдын күнөөкөрлөрүн табуу, чыгымдарды тактоо иштери биргелешкен комиссияга жүктөлгөнү жазылган. Документтин калган бөлүгүндө кандай маселелер тууралуу келишим болгону белгисиз.

Кыргызстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку протокол ачык болбой жатат деген сын да жок эмес. Маселен, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев 19-мартта Тажикстан менен макулдашууну коомчулукка ачык жарыялоону талап кылып чыкты.

«Мындай документтер жабык болгон үчүн ушундай жаңжалдар чыгып жатат. Тажик тарапка тымызын өтүп кеткен жерлер бар".

Кыргызстандын парламенти шейшембиде чек арага байланышкан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жабык талкуулады.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында 13-мартта болгон чырга байланыштуу алгач Тажикстандын Чек ара башкармалыгы Кыргызстанды айыптаган. Жаңжалда Кыргызстандан бир нече адам октон жаракат алып ооруканада жатат. Тажикстандан эки киши окко учканы, дагы бир тобу жабыркаганы кабарланган. Чатак маалында тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Исфара-Ворух жолун бөгөп, автожолдор 18-мартта ачылды.

Чатак ырбап турган маалда Тажикстандын Журналисттер Кошууну жергиликтүү маалымат каражаттарын улут аралык кастыкты козуткан, такталбаган кабарларды таратуудан оолак болууга чакырды.

2014-жылы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда ушул аймакта чыр чыгып, ок атышуу менен коштолгон. Ошол учурда да эки тарап Кыргызстанга 25 чакырымдык Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолун, Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду бир учурда курууну сүйлөшкөн. Бирок ал макулдашуу боюнча иштер толук бүтпөй калган. Кыргызстанга караган Кишемиш жайлоосуна кыргыз тарап чыгат. Ал эми Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык - Кишемиш жолу Ворух анклавы аркылуу өтүп, көп чыр чыккандыктан Кыргызстан айланма жол курууга киришкен.

Кыргызстандын ичиндеги Тажикстандын Ворух анклавында 30 миңден ашык эл жашайт. Анклавда жайыт, суу тартыш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG