20-март - Эл аралык бактылуулук күнү. Аны утурлай Улуттар Уюму жыл сайын бактылуу мамлекеттердин тизмесин жарыялайт. Быйылкы тизменин башына экинчи жылы катары менен Финляндия чыкты.
2-3-орундарды Дания менен Норвегия ээледи. Алгачкы ондукта Канада менен Швейцария да бар. Ал эми мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттердин ичинен Өзбекстан баарынан алдыга чыгып, тизмеде 41-орунду ээледи. 156 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 86-сапта.
Бактылуулуктун деңгээлин аныктоодо алты фактор эске алынган. Алар: ички дүң өндүрүмдүн жан башына бөлүнүшү, жашоонун узактыгы, берешендик, социалдык колдоо, эркиндик жана маанилүү чечимдерди кабыл алуудагы коррупция.
Пикирлерди көрүңүз (3)
дагы пикирлерди жүктөө