Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Гаага соту Каражичти өмүр бою эркинен ажыратты


Каражич мурдагы Югославия боюнча Гаагадагы трибуналда, 16-октябрь, 2012-жыл.
Каражич мурдагы Югославия боюнча Гаагадагы трибуналда, 16-октябрь, 2012-жыл.

Гаага соту босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичти өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Reuters” агенттиги кабарлады.

Прокурорлор соттон Каражичке геноцидге байланыштуу коюлган айыпты алып салган мурдагы өкүмдү жок кылып, аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

2016-жылы мурдагы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн "күнөөлүү" деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан.

1995-жылдын июль айында эл аралык трибунал Каражичти Босния жана Герцеговинадагы согуш маалында жасалган кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, бир жылдан соң аны камоого буйрук чыгарган. 1996-жылы Сербия республикасына каршы эл аралык коомчулук санкция киргизүүгө камынганда бийликтен кетип, 12 жыл жашырынып жүргөн.

Каражич 2008-жылдын июлунда Белградда кармалган. Кармалганга чейин Белградда Драган Дабич деген жалган ысым менен медициналык клиникалардын биринде дарыгер болуп иштеп, элдик медицина тууралуу китеп жазып жүргөнү маалым болгон.

Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

XS
SM
MD
LG