Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ошто мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынат


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кырсык болгон жерде
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кырсык болгон жерде

Ош шаарында коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашов май куюучу жайдан чыккан өрттөн кийин билдирди.

Эми атайын түзүлгөн комиссия шаардагы май куюучу жайларды текшерип чыгат.

20-мартта кечке жуук Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу бекеттен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы беш бөлүм тартылган.

Өрттөн эки адам жабыркап, биринин абалы оор, экинчисиники орто деп бааланууда. Кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG