Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кыргызстанда төрт миңден ашык үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында Кыргызстанда төрт миң 732 үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт.

Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок, дагы деле кооптуу аймактарда жашап жатат.

Ссуданын жаплы суммасы 200 миң сом, анын ичинен 50 миңи кайтарымсыз каражат катары берилет. Учурда мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык, ссуда берүү токтотулган.

Жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактар негизинен Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG