Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

Чүйдө милиция ала качууну токтотуп калды


Чүйдүн Жайыл райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери ала качуунун курмандыгы болушу мүмкүн деген кызды куткарып калышты. Бул тууралуу инспектор Замир Айткожоев маалымдады.

Анын айтымында, 23-мартта инспекторлор Бишкек-Ош жолунда бараткан “Хонда степвагон” үлгүсүндөгү машинени токтоткон учурда анын ичиндеги кыз жардам сурап кайрылган. Автоунаадагы балдар инспекторлорго каршылык көрсөтүп, кызды машинеден чыгарбоого аракет кылышкан. Кызматкерлер ыкчам топту чакырып, тийиштүү протоколдор түзүлгөн.

Инспектор Замир Айткожоев ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сотто иши каралып жаткандардын бири. Бирок Бурулайдын жакындары анын үстүнөн тосмо арыз жазышкан. (AiA/TSh)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG