Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Индонезияда орангутан уурдап бараткан орусиялык турист кармалды


Орусиялык Александр Шилин жапайы жаныбарларды өлтүргөн сүрөттөрү менен таанымал болгон. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиялык Александр Шилин жапайы жаныбарларды өлтүргөн сүрөттөрү менен таанымал болгон. Иллюстрациялык сүрөт.

Бали провинциясынын жаратылышты коргоо агенттигинин кызматкери Катур Марбава маалымдагандай, 27 жаштагы орусиялык турист Андрей Жестков 22-мартта аэропортто мекенине учуп жаткан жеринде кармалган. Ал эки жаштагы орангутанды уйку дарысын берип, өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракеттенген. Туристтин жүгүн текшерген учурда анын жанынан жети кескелдирик да табылган. Жаныбарлардын баары тирүү болчу.

Маалыматтарга караганда, Жестков маймылды жаш баланын төшөнчүсүнө ороп алып чыгууга аракет кылган. Ал маймылды көчөдөн үч миң долларга сатып алганын айткан.

Орусиялык турист бул аракети үчүн беш жылга эркинен ажыратылып, жети миң доллар айыппул төлөшү ыктымал.

Орангутан - Индонезияда коргоого алынган жаныбарлардын бири. Ал жоголуп бараткан жаныбар катары Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык уюмдун каттоосуна алынган.

XS
SM
MD
LG