Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

Сахалинде кыргызстандыктын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Сахалин. Архивдик сүрөт.
Сахалин. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Сахалин облусунда Кыргызстандын 41 жаштагы жараны беш кабат турак үйдүн курулушунда иштеп жатып чатырдан кулап кетип каза болгон. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Сахалин облусундагы Тергөө башкармалыгынын расмий сайтында жазылат.

Кырсык боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренеси («Кокустуктан адамды өлүмгө учуратуу») менен иш козголуп тергөө башталды.

Орусияда миңдеген кыргызстандыктар ар кандай курулуштарда иштешет. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, жылына чет өлкөдөн 300дөн ашык кыргызстандыктын сөөгү келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG