Британ премьер-министри Тереза Мэй Брекзиттин жана өз кызматынын тагдырын чече турган өкмөттүн маанилүү жыйынына камынууда.
25-мартта Мэй мурда кабарлангандай, ал аны премьерликтен алып салууга камынып жаткан өкмөт мүчөлөрү менен жолугуп, Британиянын Евробиримдиктен чыгуу планын талкуулайт.
Британ маалымат каражаттары жыйында Мэйдин өкмөтүнүн Евробиримдик менен келишими, Брекзиттен макулдашуусуз чыгуу, Брекзитти токтотуу же экинчи референдум өткөрүү жөнүндө маселелер талкууланарын кабарлашты.
Евробиримдик Мэйге 12-апрелге чейин убакыт берген. Ошого чейин ал Брюссел менен макулдашылган келишимдин долбоорун парламенттен өткөрүп же шаркеттен чыгуунун альтернативалуу жолун сунуш кылышы керек.
Буга чейин парламент эки жолу четке каккан Мэйдин планы эми колдоо тапса Британия шаркеттен 22-майда чыгып кетүүгө тийиш.