АКШнын президенти Дональд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул анын администрациясы үчүн «толук актоо» экенин билдирди.
Кечээ АКШнын башкы прокурору Уильям Барр конгрессмендерге атайын кат жөнөткөн. Анда «Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен» деген шектенүү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүндө Трамп мыйзам бузганы тууралуу фактылар табылбаганын билдирди. Ошол эле убакта, ал өз катында «президенттин мыйзам бузганы аныкталбаса да, бул аны толук жоопкерчиликтен бошотпойт» деп жазган.
Конгресстеги демократтар Мюллердин отчетунун толук жарыяланышын талап кылып жатышат.
Мюллер башында турган тергөө тобунун иликтөөсү 22 айга созулуп, анын алкагында 34 адамга жана эки компанияга айып коюлган. Айыпталгандардын 26сы Орусиянын жарандары. Алтоо Дональд Трамптын жакын адамдары.
2017-жылдын башында АКШнын чалгын кызматтары Орусия шайлоонун жүрүшүнө кийлигишип, Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду «дискредитациялоого багытталган аракеттерди көргөн» деген шек менен иликтөө баштоону туура көрүшкөн.
Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.