Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 21:56

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу түн оогончо жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

25-марттан 31-мартка чейин Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин иш убактысы саат 9:00дан 24:00кө чейин узартылды. Бул салык төлөөчүлөрдүн убактысын эске алуу менен уюштурулуп жатканын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков билдирди. Анын айтымында, саат 18:00го чейин иштеген жарандар мүлкү жана кирешеси тууралуу декларациясын жумуштан кийинки убакта тапшырып жетише алышат.

Жеке адамдар 1-апрелге чейин былтыркы жыл үчүн кирешесин, иши жана мүлкү тууралуу маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматына берүүгө тийиш. Декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан чарбалар, менчигинде автоунаа жана кыймылсыз мүлк катталган бардык адамдар тапшырууга милдеттүү.

Убагында тапшырылбаган декларация үчүн миң сом айыппул төлөнөт. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG