Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө Орусиянын Канттагы бириккен аскер базасы боюнча келишимге өзгөртүү киргизилет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ал кандай өзгөртүүлөр кире турганын так айткан жок.
Сыдыков ошондой эле Кыргызстандын аймагында Орусиянын экинчи базасын ачуу боюнча маселе күтүлүп жаткан иш сапардын жүрүшүндө каралбай турганын айтты.
Буга чейин өткөн айда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигинин суроолоруна жооп берип, расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын билдирген. Анда элчи бул маселе орус президенти Владимир Путин март айында Бишкекке келгенде талкууланышы мүмкүн экенин маалымдаган. Кийин Жекшенкулов сөзү туура эмес чечмеленип кеткенин билдирген.
Учурда Орусиянын аскер базасы Кант шаарында жайгашкан. Ал 2003-жылдан бери иштеп келет. (BkA\ErN)