Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:46

Кыргызстан-Орусия кызматташтыгына байланыштуу иш-чаралар өтөт


В. Путин жана С. Жээнбеков. Москва. Декабрь, 2017-жыл.
В. Путин жана С. Жээнбеков. Москва. Декабрь, 2017-жыл.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары алкагында Кыргызстан жана Орусия аймак аралык бизнес конференциясы өтөт. Иш-чара борбор калаанын туштүгүндөгү "Жанат" мейманканасында болот.

"ЕАЭБ алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты жана өнөр жай кооперативдерин өнүктүрүүнүн жолдору" деген аталышта тегерек үстөл болот. Ага биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономика жаатындагы кызматкерлери, эксперттер катышат. Ошол эле жерде санариптик күн тартибин ишке ашыруу, Орусия менен Кыргызстандын айыл чарба жана өнөр жай комплексин өнүктүрүү, инвестициялык жана финансылык жаатта кызматташуу, эки тараптын өнүмдөрүн бири-бирине экспорттоо жана башка маселелер тууралуу талкуу, тегерек үстөлдөр өтөт.

Эки тараптуу кызматташтыкка байланышкан иш-чараларга Орусиянын аймактарынын губернаторлорунан, ишкерлерден, инвесторлордон турган 700гө жакын адам катышат.

26-мартта Кыргызстан жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өткөн. Ага Орусиянын 40ка жакын университетинин ректорлору катышкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул анын Сооронбай Жээнбеков президент болгондон берки алгачкы мамлекеттик сапары. Анын сапары алкагында отуздан ашуун келишимдерге кол коюлары кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG