Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

Сирия БУУну Голан дөңсөөлөрү боюнча чукул жыйын өткөрүүгө чакырды


Дональд Трамп менен Бинямин Нетаняху Вашингтондогу расмий иш-чарада. 25-март, 2019-жыл.

Сириянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлчүлүгү 26-мартта АКШнын Голан дөңсөөлөрүн Израилдики деп таануусу боюнча чукул жыйын өткөрүү демилгеси менен чыкты.

Трамп 25-мартта Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы катары тааныган документке кол койгон. Вашингтондогу расмий иш-чарага Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху да катышкан.

АКШ президентинин бул кадамын Араб өлкөлөрү, Иран жана Орусия сындап чыккан.

Израил 1967-жылы алты күндүк согушта мурда Сирияга караган Голан дөңсөөлөрүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялаган. Эл аралык коомчулук Тел-Авивдин кадамын мыйзамсыз деп эсептейт жана Голанга Израилдин ээлигин тааныган эмес.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG