Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Батырбеков: Мусаевдин ордуна Аскарова депутат болушу мүмкүн


Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Алмазбек Батырбеков парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековго депутат Насыр Мусаевдин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча кат жөнөтүп, учурда анын жыйынтыгын күтүп жатканын айтты.

- Мандатынан ажыратуу эрежеси боюнча төрагага кызматтык кат жаздык. Ал катты комитетке жөнөтүп, анан Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.

Батырбеков "Насыр Мусаев мандатынан ажыратылса, ордуна депутаттыкка талапкер Айнура Аскарова келет. Ал учурда “Кыргызстан” фракциясынын катчылыгында иштейт", - деп айтты.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу бир жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG