Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

Адвокаттар: Бабановго кылмыш иши саясий негизде козголгон


Өмүрбек Бабановдун адвокаттарынын жана көз карандысыз эксперттердин басма сөз жыйыны. Бишкек, Кыргызстан. 27-март, 2019-жыл.
Өмүрбек Бабановдун адвокаттарынын жана көз карандысыз эксперттердин басма сөз жыйыны. Бишкек, Кыргызстан. 27-март, 2019-жыл.

"Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында анын адвокаттары саясатчынын шайлоо өнөктүгү маалында Ошто айткан сөздөрүнөн экспертиза улуттук кастыкты козуткан көрүнүштөрдү таппаганын билдиришти.

Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаев бул иш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий негизде козголгонун билдирип, Кыргызстанда жана Орусияда жүргөн экспертизалар оң жыйынтык көрсөткөнүн кошумчалады. Саясатчынын адвокаты Амантур Абдрахманов Бабановдун аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугун айтып, Бабановго козголгон кылмыш иши кыскартылышы керектигин белгиледи.

Бабановдун сөздөрүнө экспертиза жүргүзүүгө катышкан эксперттер, саясат таануучу Чолпонбек Сыдыкбаев, филолог Үмүт Култаева да улут аралык кастыкты козутуу жана бийликти басып алууга үндөө болбогонун ырасташты.

Быйыл Нооруз майрамынын алдында Өмүрбек Бабанов "Фейсбук" аркылуу кыргызстандыктарды куттуктап, "жакында көрүшөбүз" деп жазган. Көп өтпөй санаалаштары Бабановдун жакын арада Бишкекке келерин ачык айтып чыгышкан. Мындан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабанов өлкөгө кайтса, мыйзам алдында жооп берерин эскерткен.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

"Республика - Ата Журт" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. Адвокаттар ал жакында келет деп ишендирип жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG