Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:00

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди


Владимир Путин.

Владимир Путиндин учагы 28-март күнү, саат 7:30да «Манас» аба майданына конду. Аны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Путин Кыргызстанда бир гана күн болот. Ал Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат жана кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгына байланыштуу жыйынга катышат.

Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта өтүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат. Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери журналисттерге биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Орусия аймак аралык конференциясына катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине барышы күтүлүүдө.

Путиндин бул сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтык боюнча отуздан ашуун келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрөт.

27-мартта Кыргызстан менен Орусиянын аймак аралык ишкерлик конференциясы өтүп, ага Орусиянын аймактарынын губернаторлору, ишкерлер, инвесторлор болуп жалпысынан 700гө жакын адам катышты. 26-27-март күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтүп, ага катышуу үчүн Орусиянын 40ка жакын университетинин ректорлору келди.

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG