Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Жер ортолук деңизинде мигранттар өздөрүн куткарган кемени ээлеп алышты


Жер ортолук деңизиндеги мигранттар. Архивдик сүрөт.
Жер ортолук деңизиндеги мигранттар. Архивдик сүрөт.

Италиянын ички иштер министри Матео Сальвининин билдиргени боюнча, 120дай мигрант Түркиянын жүк ташуучу кемесин ээлеп алган. Бул кеме мурдараак аларды Ливиянын жээгинен алыс эмес жерден куткарып алган болчу. Мигранттар ээлеп алган кеме Италиянын же Мальтанын жээгине карай баратат. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги жазды.

Сальвини мигранттардын бул аракетин «каракчылык» деп атады жана анын айтымында, уурдалган кеме Италиянын суудагы чек арасынан өткөрүлбөйт. Италиянын маалымат каражаттары билдиргендей, Түркиянын кемеси ачык деңизден куткарылган адамдарды калтырыш үчүн Ливиянын жээгине карай бет алганда, жээкке он чакырым жетпей мигранттар аны ээлеп алышкан. Баштапкы маалыматтар боюнча, алар кеменин экипажын Европаны көздөй бет алууга мажбурлашкан.

Мальтанын Аскер-деңиз флотунун өкүлү да кеме Мальтанын чек арасынан өткөрүлбөсүн айткан.

Укук коргоочу уюмдардын маалыматы боюнча, Ливиянын жээк көзөмөлдөөчү кызматы тарабынан кармалган мигранттар лагерлерге жайгаштырылат. Ал жерде зомбулукка дуушар болуп, укуктары бузулат.

Түрк кемесинин мигранттар тарабынан басылып алынышы Жер ортолук деңизинде Евробиримдик тарабынан жүргүзүлүп жаткан «София» операциясын токтотууга алып келди. Аталган операция деңизден аткезчилерди кармоо жана Европага кетүүнү каалаган мигранттарды сактоо максатында жүргүзүлүп жаткан.

Операция Италиянын өтүнүчү менен токтотулган.

XS
SM
MD
LG