Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Помпео Орусияга жаңы чара көрүлүшү мүмкүн экенин билдирди


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 26-март, 2019-жыл.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 26-март, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Батыштагы өнөктөштөрү менен бирге Орусиянын Украинадагы агрессиясына байланыштуу жакынкы күндөрдө Москвага каршы кошумча чара көрүлүшүнө үмүттөнөрүн билдирди.

«Кийинки жумада НАТОдогу кызматташтарыбыз шаарда болгондо Орусиянын Крымдагы, Азов деңизиндеги жана аймактагы аракеттерине каршы туруш үчүн чогуу жаңы чара көрүп, жарыялайбыз деген үмүттөмүн», - деп Помпео 27-мартта Өкүлдөр Палатасынын жыйынында айтты.

НАТОнун курамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү Батыш аскердик альянстын 70 жылдыгын белгилеш үчүн Вашингтондо 4-апрелде чогулары күтүлүп жатат.

Помпео сөз болуп жаткан чаралар кандай мүнөздө болорун тактаган жок. Ал бул тууралуу Украинада 31-мартта өтө турган президенттик шайлоого саналуу күн калганда билдирди.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алганына жана бул өлкөнүн чыгышындагы куралдуу кагылышууларга аралашканына байланыштуу АКШ Москвага каршы бир нече айлампа менен санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG