Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:55

Жээнбеков: эки өлкөнүн мамилеси жаңы деңгээлге чыкты


Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин келишимдерге кол коюлгандан кийин. 28-март, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин келишимдерге кол коюлгандан кийин. 28-март, 2019-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапарынын алкагында макулдашууларга кол койгондон кийин эки өлкөнүн алакасын комментарийледи.

«Урматтуу Владимир Владимирович, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгениңизге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Сиздин сапарыңыздын алкагында биз мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк, алар кызматташуунун бардык тармактарын камтыды. Сиздин колдооңуз менен биздин кызматташуубуз жаңы деңгээлге чыкты жана динамикага ээ болду. Сиздин мамлекеттик сапарыңыз бул кыргыз-орус алакасындагы тарыхый окуя болду», - деди.

Мунун алдында Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин кызматташтык боюнча 17 документке кол койду.

Мамлекет башчылардын бүгүн сегизинчи Кыргызстан-Орусия аймак аралык конференциясына катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине барышы күтүлүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG