Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Бишкекте жолдун суу толуп калган жеринен 12 автоунаанын номери табылды


Бишкектин Жаш гвардия көчөсүндөгү чуңкур. «Элдик медиа» баракчасынын видеосунан алынган сүрөт.
Бишкектин Жаш гвардия көчөсүндөгү чуңкур. «Элдик медиа» баракчасынын видеосунан алынган сүрөт.

Бишкек шаарынын Жаш гвардия көчөсүнөн Толстой көчөсүнө чыга бериштеги көпүрөнүн алдына толуп калган сууну тазалоодон кийин 12 автоунаанын мамлекеттик номери табылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

28-март саат 18:00дөн кийин катуу жааган жамгырдан улам аталган жердеги чуңкурга көп суу толуп, автоунааларга түйшүк жараткан. Суу автоунаалардын дөңгөлөктөрүн көөмп, ары-бери каттаган автоунаалар тыгылып өтүп жаткан. Ошол учурда социалдык тармактын колдонуучулары тараткан видеодо бир нече айдоочу номерин жоготуп издеп жүргөнү көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасы жолго толуп калган суу бир нече саатта тазаланып бүткөнүн билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG